Кыргызстан Иранга муздатылган койдун этин экспорттой баштады

Экономика 0

Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Кыргызстан Иранга муздатылган койдун этин экспорттой баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-майда "Торо" мал союучу ишканасы Ветеринария кызматынын колдоосу менен 9 миң 860 килограмм муздатылган койдун этинин биринчи партиясын жөнөттү.

"Жөнөтүлгөн продукция ветеринардык-санитардык көзөмөлдөө иш-чаралары, ошондой эле сапат жана коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча лабораториялык көзөмөлдөн өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

"Торо" ЖЧКсы жумасына 12 тоннадан 24 тоннага чейин жалпы 1000 тонна койдун этин экспорттоону көздөп жатат. Бүгүнкү күндө Кыргызстан этти Россия, Иран, Бириккен Араб Эмираттары жана Кувейтке экспорттойт.

Эскерте кетсек, Иран абдан чоң рынокко ээ жана эл аралык стандарттарга сертификатталган сапаттуу эттин импортун тынымсыз көбөйтүүдө. Кыргызстандын Иранга койдун этин экспорттой баштаганы эки өлкөнүн соода алакасын өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам болуп саналат.

Иранда сапаттуу этке болгон суроо-талаптын өсүп жатканын эске алганда, мындай демилге Кыргызстандын эт өндүрүүчүлөрү үчүн гана эмес бүтүндөй өлкөнүн экономикасы үчүн да пайдалуу болот.

Пикир

Оставить комментарий