• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстан менен Антигуа жана Барбуданын ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлдү

Президент 0

Бишкек, 17.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы менен Антигуа жана Барбуданын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен коммюникени жактыруу жөнүндө тескемеге кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы жана Түндүк Ирландиядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчисине жогоруда аталган биргелешкен коммюникеге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюу ыйгарым укугу берилди.

Пикир

Оставить комментарий