• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Атамбаев Азербайжандын Президентин өлкөнүн Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 18.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевди өлкөнүн Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

“Өз ара урматтоого жана ишенимге негизделген кыргыз-азербайжан мамилелери мындан ары дагы мамлекеттерибиздин элдеринин жыргалчылыгы үчүн жемиштүү өнүгө берет деп ишенем.

Сизге, улуу урматтуум, чың ден соолук жана бакубатчылык, ал эми достук мамиледеги Азербайжан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм”, -деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий