• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Райондор аралык сотторду жоюуну караган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча эксперттик топ түзүлдү

Президент 0

Бишкек, 20.06.18. /Кабар/. 2018-жылдын 17-майындагы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Соттук реформа боюнча кеңештин чечимине ылайык функцияларын райондук сотторго өткөрүп берүү менен райондор аралык сотторду жоюуну, ошондой эле кылмыш жасаган адамдардын келтирген зыяндын ордун толтуруусунун механизмдерин жазык жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтүнүн өтүшүн эске алуу менен караган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча эки эксперттик жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Бул эксперттик жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчисинин биринчи орун басарынын буйругу менен түзүлдү.

Эксперттик жумушчу топтордун курамына Кыргыз Республикасынын аткаруу, сот бийлик бутактарынын, көзөмөлдөө жана укук коргоо органдарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү киргизилди.

Аталган эксперттик жумушчу топтордун жыйындарын чукул арада өткөрүү болжолдонууда.

Пикир

Оставить комментарий