• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Кыргызстан менен Азербайжандын энергетика тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 12.09.24. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Максат Мамытканов Азербайжандын энергетика министринин орун басары Орхан Зейналов менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда үстүбүздөгү жылдын 24-апрелинде президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө Кыргызстан менен Азербайжандын мамлекеттер аралык кеңешинин экинчи отурумунда кол коюлган милдеттерди ишке ашыруу маселеси талкууланды.

Тактап айтканда, энергетика чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүү, өз ара сооданы диверсификациялоо жана компаниялар ортосундагы байланыштарды кеңейтүү боюнча сунуштарды даярдоого өзгөчө көңүл бурулду.

Бул контекстте маектештер азербайжан компанияларынын Кыргызстандын артыкчылыктуу энергетикалык долбоорлоруна инвестициялоо мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы кызматташтыкты тереңдетүүнү карашты.

Пикир

Оставить комментарий