• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы товар жүгүртүү пандемияга чейинки көрсөткүчтөн ашты

Экономика 0

Чолпон-Ата, 26.07.23. /Кабар/. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы товар айландыруу 19%га өсүп, 10,8 млн АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-азербайжан өкмөттөр аралык комиссиясынын V отурумунда Азербайжандын премьер-министринин орун басары Али Ахмедов билдирди.

Анын айтымында, бул пандемияга чейинки көрсөткүчтөн ашык.

"Быйылкы жылы соода жүгүртүүнүн өсүү динамикасы биз жогорку көрсөткүчтөргө жете алабыз деп айтууга мүмкүндүк берет. Биринчи жарым жылдыкта өз ара соода жүгүртүү 4 эседен ашык өсүп, 17 млн доллардан ашты", - деди ал.

Али Ахмедов азербайжан тарап достук, бир туугандык жана стратегиялык өнөктөштүк маанайында эки тараптуу мамилелердин бардык күн тартиби боюнча жемиштүү диалогго жана биргелешкен милдеттерди чечүүгө толук ачык экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий