Кыргызстан менен Беларустун Күзөт кызматтары тажрыйба алмашуу жаатында кызматташат

Коом 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын башчысы Оролбек Акпаров Беларусь ИИМинин Күзөт департаментинин башчысы Александр Шепелев менен жолугушту.

КР ИИМден билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу Беларусь ИИМинин делегациясынын жумушчу сапарынын алкагында өттү.

Жолугушуу учурунда тараптар стратегиялык маанидеги кайтаруудагы объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу жаатында өз ара аракеттешүү, тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

Келген конокторго ИИМдин Күзөт кызматынын "Санарип күзөт" борборунда Бишкек шаарынында жайгашкан орто мектеп жана банк мекемесин айгай белгиси боюнча GPS-картасы, боди-камера менен камсыздалган кармоо топторунун тейлөөсү түз көрсөтүлдү.

Иш-чаранын соңунда ИИМдин Күзөт кызматынын техникалык каражаттары, атайын каражаттар жана кармоо топторунун ар кандай шаймандары көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий