• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

РФнын Коргоо министрлигинин Борбордук аскер округунун ырлар жана бийлер ансамбли Кыргызстанга келди

Коом 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Кыргызстанга гастролдук тур менен Россиянын Коргоо министрлигинин Борбордук аскер округунун ырлар жана бийлер ансамбли келди. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, РФнын аскер артисттери Бишкек гарнизонунда жайгашкан Куралдуу Күчтөрдүн кошуундарына, бөлүктөрүнө жана мекемелерине көчмө концерттер менен чыгышууда. Ансамблдин солисттери кыргыз аскер кызматчылары үчүн жандуу концерттик программасын даярдашып, анын репертуарына популярдуу эстрадалык ырлар, согуш жылдарындагы ырлар, жалындаган бий номерлери жана улуттук фольклордун элементтери кирген.

Бүгүнкү күндө концерттер Бишкек, Кара-Балта, Токмок, Кант, Сокулук, ошондой эле Кой-Таш айылында өткөрүлдү.

Ырлар жана бийлер ансамбли үстүбүздөгү жылдын 17-февралына чейин Кыргызстанда болушат.

Пикир

Оставить комментарий