• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Кыргызстан менен Беларустун маданий жана илимий кызматташтыгы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 26.10.24. /Кабар/. Күн мурун Беларустун улуттук китепканасында “Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоодогу маданияттын жана илимдин ролу” аталышындагы тегерек стол өттү.

Элчиликтен билдиришкендей, иш-чара Кыргызстандын Беларустагы Маданият күндөрүнүн алкагында уюштурулду.

Эки тараптын чыгармачылык интеллигенциясы катышкан жыйынды Беларустун маданият министри А. Маркевич, Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыковалар ачып берип, маданият, илим жана билим берүү жаатындагы эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттары боюнча сөз кылышты.

Эки өлкөнүн чыгармачылык интеллигенция өкүлдөрү театр, музыка, сүрөт, кино искусстволорунун илимий жана жалпы маданий карым-катнаштардын абалын, кечээгисин, бүгүнкүсүн жана эртеңин талкуулашты.

Жыйынтыгында эки тараптуу маданий жана илимий кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнү, биргеликте долбоорлорду ишке ашырууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий