• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Кыргызстан менен "БУУ-Аялдар" түзүмү активдүү кызматташууну улантат

Саясат 0

Бишкек, 17.11.24. /Кабар/. Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев "БУУ-Аялдар" аймактык кеңсесинин аймактык директорунун орун басары Элиза Фернандес менен жолугушту.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, Асеин Исаев Элиза Фернандести Кыргызстанга келүүсүн кубаттап, кыргыз коомундагы аялдын ролу дайыма өтө маанилүү экенин белгиледи. Кыргызстандагы аялдар өз мамлекетинин өнүгүшүнө жана гүлдөшүнө ар дайым зор салым кошуп келишкендигин айтып кетти.

Ошондой эле Асеин Исаев гендердик теңчилик маселеси Кыргызстанды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. Министринин биринчи орун басары 2030-жылга чейин каралган Гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук стратегияны жана 2022-2026-жылдарга каралган Кыргызстандагы Аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берди.

Өз кезегинде Элиза Фернандес Кыргызстанга биринчи жолу келгенин белгилеп, жылуу меймандостугу үчүн кыргыз тарапка ыраазычылыгын билдирди. Элиза Фернандес Борбор Азиядагы Аялдар диалогунун үчүнчү жыйынына катышууга чакырылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

"БУУ-Аялдар" өкүлү 13-ноябрда Бишкекте өткөн "Аялдар ишкердиги" аттуу ЭКСПО-2024 иш-чарасынан алынган оң таасирлери менен бөлүштү. Ал ЭКСПО-202 көргөзмөсүндө өз продукцияларын сунуштаган кыргыз аялдарынын креативдүүлүгүн жана өзгөчөлүгүн жогору баалап, эл аралык рынокто суроо-талапка ээ боло турган жана чет өлкөлүк чоң инвестицияларды тарта ала турган кыргыз элинин заманбап технологияларынын жана маданий салттарынын комплексиндеги товарлардын жогорку сапатын баса белгиледи.

Жоолугушунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен "БУУ-Аялдар" түзүмүнүн ортосундагы, атап айтканда, аялдардын ишкердүүлүгү жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча активдүү кызматташууну улантууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий