• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Казакбаев: Өткөн 30 жыл Кыргызстан үчүн оңой болгон жок, бирок боордош Казакстан дайыма жаныбызда болду

Саясат 0

Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди тар чөйрөдө жолугушууда.

Жолугушууда Руслан Казакбаев Кыргызстан менен Казакстан – боордош өлкөлөр экенин белгиледи.

“Бизди союздаш, стратегиялык, достук жана боордоштук мамилелер байланыштырып турат. Бул жылы эки өлкө тең эгемендиктин 30 жылдыгын белгилейт. Жакшы жана оор учурлар болду, бирок казак эли дайыма колдоп турду, биз аны баалайбыз”, - деди ал.

Кыргызстандын тышкы иштер министри белгилегендей, алар бүгүн дагы бир жолу эл аралык уюмдардын жана эки тараптуу кызматташуунун алкагында эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелердин бардык спектрин талкуулашат.

“Бизде эч кандай келишпестиктер жок. Бүгүн биз мамилелерибизди жаңы деңгээлге көтөрөбүз деп ишенем”, - деди Казакбаев.

Пикир

Оставить комментарий