• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Кыргызстан менен Франциянын билим берүү жаатындагы кызматташтыгы талкууланды

Билим 0

Бишкек, 23.09.24. /Кабар/. Бүгүн билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун негизги маселелери талкууланды.

Кыргызстандын окуу жайларында француз тилин өнүктүрүү жана колдоого өзгөчө көңүл бурулуп, студенттер менен алмашуу жана стипендиялык программаларды кеңейтүү, ошондой эле Францияда билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин санын эки эсеге көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Министр Догдуркүл Кендирбаева билим берүү тармагында Европа биримдиги менен кызматташуу жөнүндө макулдашуу жана анын Кыргызстан менен Франциянын билим берүү тармагындагы байланыштарын чыңдоодогу мааниси да өтө маанилүү экендигине токтолуп, Эразмус+ программасы студенттерге да, мугалимдерге да академиялык мобилдүүлүккө жана биргелешкен долбоорлорго катышууга мүмкүнчүлүк бере турганын баса белгиледи.

Өз кезегинде элчи Николя Фай француз тилин окутуунун деңгээлин жогорулатууга жана тилди үйрөнүп жаткан студенттердин санын көбөйтүүгө кызыкдар экенин айтып, Францияда билим алуу үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк катары “Эл үмүтү” программасынын маанилүүлүгүн белгиледи.

Эскерте кетсек, бул элчинин Кыргызстандын президенти менен жолугушуусунан кийинки министрликке болгон биринчи иш сапары.

Пикир

Оставить комментарий