• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Билим берүү министри Чүй облусундагы көйгөйлүү мектептерди кыдырып чыкты

Билим 0

Бишкек, 19.01.21. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев иш сапары менен Чүй облусунун көйгөйлүү мектептерине барды, - деп билдирет министрликтин басма сөз кызматы.

Ведомствонун маалыматына таянсак, Жайыл районуна караштуу Ийри-Суу айылындагы мектептин, Москва районуна караштуу Ленин атындагы орто мектептин жана Панфилов районунун Кум-Арык айылындагы мектептин эскилиги жетип, бүгүнкү күндө мектептер өзгөчө кооптуу абалда. Министр мектептерге тиешелүү кагаздар менен таанышып, министрлик өкмөт менен биргеликте бул көйгөйлөрдү чече тургандыгын айтты.

Алмазбек Бейшеналиев мектептин чарба кызматкерлери менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн укту.

“Билим берүү тармагындагы уюмдарды тейлеп жаткан персоналдын эмгеги айтылбай калат. Чынын айтканда, сиздердин эмгегиңиздер өтө маанилүү. Сиздердин эмгегиңиздерге көңүл буруу убактысы келди”, - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий