Кыргызстан менен Грузиянын парламенттик кызматташтыгын чыңдоо маселеси талкууланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.06.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары, Грузиянын парламенти менен кызматташуу боюнча достук тобунун мүчөлөрү Бактыбек Сыдыков, Эльмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов, Мурадил Сыдыков, Бактыбек Чойбеков, Медербек Саккараев, Бахридин Шабазов, Жаныбек Кыдыкбаев Грузияга иш сапары менен барышты.

Парламенттен билдиришкендей, иш сапардын алкагында депутаттар Тбилиси шаарында Грузия парламентинин депутаты жана Кыргызстандын Жогорку Кеңеши менен достук тобунун жетекчиси Давид Матикашвили менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкөнүн парламенттик мамилелерди тереңдетүү, соода-экономикалык, маданий байланыштарды өркүндөтүү маселелери талкууланды.

Коюлган максаттарды ишке ашырууга, эки тараптын келишимдерин аткарылышына бардык күч-аракеттер жумшалары белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий