• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Кыргызстан менен Италия ТИМдеринин ортосунда саясий консультация өткөрүлөт

Саясат 0

Бишкек, 04.10.23. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Таалай Базарбаев Италиянын тышкы иштер министринин орун басары Эдмондо Чириеллинин жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз-италиялык эки тараптуу кызматташуу маселелери кеңири талкууланды. Тараптар ар кандай деңгээлдеги эки тараптуу сапарларды даярдоого жана тышкы иштер ведомстволарынын жетекчилигинин деңгээлинде саясий консультацияларды өткөрүүгө өзгөчө басым жасады.

Мындан тышкары, жолугушууда соода-экономикалык жана илимий-техникалык байланыштарды кеңейтүү, ошондой эле соода-инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүү маселелери көтөрүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Италиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда 2023-жылдын аягына чейин саясий консультацияларды өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий