• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Душанбеде Кыргызстан менен Тажикстандын ТИМ башчылары жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 14.05.22./Кабар/. Кечээ, 13-майда Душанбе шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматы билдирет.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин башчылары кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана мамлекеттер ортосундагы мамилелердин мындан аркы келечегин талкуулашты.

Тараптар мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча маселелерди чечүүгө даяр экендиктерин ырасташты, ошондой эле бул контекстте кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун жолугушууларын улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Мындан тышкары, министрлер консулдук чөйрөнүн маселелерин, атап айтканда, эки өлкөнүн аймактарында Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелерин кеңири талкуулашты жана келечекте жогорку деңгээлдеги иш-чараларды уюштуруу боюнча пикир алышты.

Пикир

Оставить комментарий