• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргыз-пакистан кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 14.05.22. /Кабар/. Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук Азия өлкөлөрү жана Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (ЭКУ) департаментинин башкы директору Шах Файсал Какар менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-пакистан эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, алардын ичинде, эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги өз ара иш сапарларды уюштуруу, 2022-жылы соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү, ошондой эле башка биргелешкен иш-чараларды уюштурууну талкуулашты.

Эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты активдештирүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Кыргызстандын элчиси Тотуяев эки тараптуу саясий байланыштарды активдештирүүнү, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында иш-чараларды өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурууну сунуштады.

Шах Файсал Какар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди тереңдетүүгө жана активдештирүүгө даяр экенин ырастап, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин илгерилетүү боюнча күч-аракеттерди бириктирүү зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий