Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы алакаларды бекемдөө маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 13.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев аталган өлкөнүн Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрлигинин чет өлкөлөрдөгү италиялыктардын иштери жана миграция саясаты боюнча башкармалыгынын башкы директору Л. Виньяли менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар консулдук тармактагы эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин талкуулашты. Атап айтканда, Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы коопсуздук, социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жаатында кызматташууга багытталган ченемдик-укуктук базаны кеңейтүү, айдоочулук күбөлүктөрдү конвертация маселелери талкууланды.

Өкмөттүн "Flussi" токтомунун алкагында жакынкы жылдарга Кыргызстандын жарандарын Италияда легалдаштырылган ишке орноштуруу маселесин иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурулду.

Италияда жашаган кыргызстандыктардын көп диаспорасын эске алып, Элчи Т.Базарбаев тиешелүү келишимдерди кароо процедурасын тездетүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.

Башкы директор Л. Виньяли белгиленген маселелерди ишке ашырууда болгон колдоону көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында жакынкы аралыкта Кыргызстан менен Италиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда консулдук консультацияларды өткөрүү маселесин кароо боюнча макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий