Бишкек, 11.01.25. /Кабар/. Казакстандын премьер-министринин орун басары – тышкы иштер министри Мурат Нуртлеунун чакыруусу менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 10-11-январда Казакстанга расмий сапар менен барды.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, эки өлкөнүн дипломатиялык мекемелеринин жетекчилери тар жана кеңейтилген форматтагы жолугушууларда кыргыз-казак алакасынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка артыкчылыктуу тармактардагы мындан аркы кызматташууларды талкуулашты.
Кулубаев менен Нуртлеу 2024-жылы эки тараптуу байланыштын жыйынтыктарын канааттануу менен белгилешип, эки өлкө элдеринин кызыкчылыктарына жооп бере турган кыргыз-казак мамилелеринин кеңейишинин маанилүүлүгүн билдиришти.
Ошондой эле тараптар эки өлкөнүн президенттери жана өкмөт башчылары тарабынан жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн жана быйылкы жылга пландалган эки тараптуу сапарларды жана жолугушууларды уюштуруу маселелерин карашты.
Пикир
Оставить комментарий