• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Кыргызстан менен Малайзиянын ислам туризмин өнүктүрүү боюнча кызматташтыгы талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 25.09.24. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын элчиси Анвар Анарбаев Малайзиянын Туризм, искусство жана маданият министрлигинин атайын агенттиги болгон Ислам туризм борборунун башкы директору Низран Нурдин менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы ислам туризмин өнүктүрүү жана алдыга жылдыруу, туризм сектору үчүн халал стандарттарын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ошондой эле сертификаттоо органдары үчүн тренингдерди жана квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрүү жаатында кызматташуу жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

"Бул багыттар боюнча кызматташууну активдештирүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын жана туристтик бизнестин өкүлдөрүнүн Кыргызстанга жана Малайзияга иш сапарларын алмашууну уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий