Кыргызстан менен Малайзиянын соода-экономикалык алакасын арттырууга чоң мүмкүнчүлүктөр бар – Абдыров

Коом 0

Бишкек, 15.05.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Күн мурун Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бүгүн Бишкекте президент Садыр Жапаров Анвар Ибрагим менен жолугушуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Малайзия кызматташтыкты ар тараптуу активдештирүү үчүн Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Анда саясий, маданий-гуманитардык кызматташтык, соода-экономикалык жана инвестициялык мамилелерди бекемдөө зарылдыгы айтылды.

Эки өлкөнүн алдыга койгон арыштуу кадамдары жөнүндө Кыргызстан эл аралык университетинин экономика жана башкаруу кафедрасынын башчысы, экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров саресеп салып, “Кабар” агенттигине өз ою менен бөлүштү.

Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыровдун айтымында, тараптар экономикалык мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар болушууда. Анткени бир катар долбоорлорду ишке ашырууга эки өлкөнүн тең потенциалы жетиштүү деңгээлде.

“Учурда Кыргызстандан Малайзияга органикалык айыл чарба продукциялары, авиакеросин жана насостор экспорттолот. Ал эми Малайзиядан биздин өлкөгө уюлдук телефондор, автоунаа тетиктери, какос майы жана башка товарлар импорттолуп жатат. Мунун баары соода-экономикалык кызматташуунун көрсөткүчтөрүн жылдан жылга көбөйтүүгө алып келүүдө десек болот. Эми муну менен гана чектелбестен, Малайзия менен Кыргызстандын билим берүү жана туризм тармактарындагы кызматташууларынын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү кеңири жана келечеги чоң”, - деп баса белгиледи ал.

Алдыда Малайзия менен Кыргызстан адал индустриясын жолго коюуга, энергиянын кайра жаралуучу булактарын иштетүүгө, тоо-кен, туризм жаатында кызматташуунун маанилүүлүгүнө басым жасаганы байкалууда. Бул жааттан алганда эки мамлекеттин ортосунда түз авиакаттамдарды түзүү соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө өбөлгө болчудай. Мындан улам Төлөнбек Абдыров Малайзиядан Кыргызстанга келе турган инвестицияларга өзгөчө маани берүү зарылдыгына токтолду.

“Малайзиянын маалымат технологиялар жана электрондук өнөр жай багыттарында тажрыйбасы алда канча алдыда. Мындан улам биргелешкен заманбап IT-парктарды куруу зарыл. Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин ушул күндөрү Бишкекке расмий сапар менен келиши Кыргызстан менен Малайзиянын достук алакасын дагы да алдыга жылдырып, тыгыз кызматташтыкта биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бир катар келишимдер түзүлөт. Биз билгендей, жогорку деңгээлдеги мындай сапарлар мамлекеттердин саясий-экономикалык алакасын арттырууга түрткү берип келет эмеспи”, - деди экономист.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, эки тараптуу келишимдердин алкагында Кыргызстанда ири малайзиялык ишканаларды ачууга, долбоорлорду ишке ашырууга жагымдуу инвестициялык шарттар түзүлүп жатканы оңтойлуу натыйжаларды берет.

Белгилей кетсек, 1992-жылдын 2-апрелинде Кыргызстан менен Малайзиянын дипломатиялык мамилеси түзүлүп, 1997-жылы Куала-Лумпурда кыргыз элчилиги ачылган. Эки өлкөнүн экономикалык алакасы 2003-жылдары 3 млн АКШ долларын гана түзсө, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч кыйла өстү. Былтыр Кыргызстан менен Малайзиянын соода-сатыгы 18 млн доллардан ашкан. Бул 2022-жылга салыштырмалуу эки эсеге көп.

Пикир

Оставить комментарий