• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда 33 суу сактагыч бар

Коом 0

Бишкек, 02.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда 33 суу сактагыч бар. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин башчысынын орун басары Абдыбай Жайлообаев билдирди.

Анын айтымында, агенттиктин карамагында мамлекеттик сугат фонду бар.

"Анын курамында 5 миң 795 чакырым узундуктагы чарба аралык каналдар, 7 миң 670 гидротехникалык курулма, 3 миң 237 гидропост, 113 насостук станция бар. Андан тышкары коллектордук-дренаждык тармактардын узундугу 187 чакырымдан ашат. Жалпы көлөмү 1 млрд 735 млн куб метр болгон 33 сактагыч бар. Андан тышкары элүү даана суткалык жөнгө салуучу бассейн, он даана 10 күндүк жөнгө салуучу бассейн бар. Жалпысынан мамлекеттик суу чарба объекттеринде 1 миң 11 гидротехникалык курулма, 951 гидрометриялык пост жана 97 насостук станция оңдолгон. Узундугу 440 чакырым болгон чоң каналдарды капиталдык жана утурумдук оңдоо иштери жүргүзүлдү", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий