Бишкек, 10.01.25. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын элчиси Авазбек Атаханов Пакистандын билим берүү жана кесиптик билим берүү боюнча федералдык министринин орун басары Мохюддин Ахмад Вани менен жолукту.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу Кыргызстандын билим берүү жана илим министринин Пакистанга боло турчу иш сапарын даярдоонун алкагында өттү.
Элчи Атаханов кыргыз-пакистан мамилелери достук жана кызматташтык духунда ырааттуу өнүгүп, бара-бара жогорку динамикага ээ болуп жатканын белгиледи. Азыркы учурда Кыргызстанда ар кандай билим берүү программаларында көп сандагы пакистандык жарандар билим алууда, бул тармакты эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыты болуп эсептелинет.
Ошондой эле Атаханов ПИРнын жетекчилигин 2024-2029 - жылдарга карата "Ураан Пакистан" улуттук экономикалык кайра түзүүлөр планынын кабыл алынышы менен куттуктап, Кыргызстанда да окутуунун сапатын кескин жогорулатууга, анын ичинде 12 жылдык мектептик билим берүү системасына өтүү аркылуу эл аралык тренддерди эске алуу менен Кыргызстандын билим берүү системасында масштабдуу реформалар башталганын билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2025-жылдын 11-12-январында Исламабад шаарында өтө турган мусулман жамааттарында кыздардын билим алуусу боюнча эл аралык конференцияга катышуу үчүн КР делегациясынын ПИРда болуу программасын, ошондой эле өз ара кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде билим берүү жана илим чөйрөсүндө өз ара сапарларды уюштуруу, ведомстволор жана ЖОЖдор аралык деңгээлдерде практикалык өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу маселелерин талкуулашты.
Кыргызстандын элчиси кыргыз-пакистан соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын отурумдарын, консультацияларды, семинарларды, өз ара иш сапарларды өткөрүүдө эки тараптуу мүнөздөгү иш-чараларга федералдык билим берүү жана кесиптик билим берүү министрлигинин өкүлдөрү активдүү катышаарына ишеним билдирди.
Пакистандын билим берүү жана кесиптик билим берүү боюнча федералдык министрдин орун басары М.Вани бул жолугушууну өткөрүү демилгеси үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын деңгээлин жогору баала. Ошондой эле аны мындан ары бекемдөөгө жана тереңдетүүгө зарыл болгон аракеттерди көрүүгө даярдыгын билдирди. Ал өткөрүлгөн эл аралык конференциянын максаттары жөнүндө айтып, ага 150дөн ашык мусулман өлкөлөрүнүн делегаттары катышарын белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар билим берүү чөйрөсүндө өз ара кызматташууну активдештирүү үчүн ушул форматтагы жолугушууларды туруктуу негизде өткөрүүнү макулдашышты.
Пикир
Оставить комментарий