• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстан менен Россия баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө кызматташат

Коом 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. КРнын Ички иштер министрлигининн Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Россиялык кесиптештери менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Москва шаарында КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын делегациясы менен РФ ИИМдин Баңгизаттарды жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын жана РФ Федералдык кызматынын финансылык мониторинг боюнча делегацияларынын жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө дүйнөдөгү баңгилик кырдаалдын өзгөрүүлөрүн эске алып, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү чөйрөсүндөгү эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинен контролдоп жеткирүү операцияларын өткөрүү жана баңгилик кирешелерди легалдаштыруу маселелери талкууланды.

Жолугуушуунун жыйынтыгы боюнча Тараптар ишмердүүлүктү күчөтүү зарылчылыгы менен:

улуттар аралык кылмыштуу баңгилик топторду аныктап, алардын ишмердүүлүктөрүнө бөгөт коюу, анын ичинен контролдоп жеткирүү боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү;

баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү маалыматтар менен алмашуу;

окуутуну өткөрүү, анын ичинен Интернет-ресурстарды жана электрондук төлөм тутумдарын колдонуу менен баңгизаттарды жайылтууга, баңгичилик кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү тажрыйбалары менен алмашуу жөнүндө семинар-машыгууларды өткөрүү боюнча макулдашты.

Жолугушуу достук маанайда өткөрүлдү. Анын соңунда кыргыз жана орусиялык офицерлерге баңгизаттар менен күрөшүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана Орусия Федерациясынын ИИМдин ведомстволук медалдары ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий