• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Салык кызматы адистештирилген программалар боюнча окутуу үчүн билим берүү мекемелерине тандоо жарыялайт

Коом 0

Бишкек, 20.01.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылы ведомствонун кызматкерлерин «Финансылык эсеп-1», «Салыктар» жана «1С: Бухгалтерия» адистештирилген программалар боюнча окутуу үчүн билим берүү мекемелерине жаңы тандоону жарыялайт.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, тийиштүү курстарды өткөрүүнү каалаган кызыкдар билим берүү мекемелери 2021-жылдын 20-февралына чейин Салык кызматында атайын түзүлгөн комиссияга арызын берип, тандоодон өтүшү керек.

Конкурска катышуу үчүн талапкерлердин бир катар документтерди тапшыруусу зарыл, алардын тизмеси менен Салык кызматынын сайтында таанышууга болот.

Документтер төмөнкү дарек боюнча салык кызматында кабыл алынат: Бишкек ш., Чүй пр., 219. Конвертте "Салык кызматынын кызматкерлерин адистештирилген программалар боюнча окутуу укугуна тандап алууга катышуу үчүн" (персоналды окутуу секторуна) деген милдеттүү белги болууга тийиш.

Салык кызматынын комиссиясы, арыздын негизинде өтүп жаткан тандоонун жыйынтыгы боюнча тийиштүү талаптарга ылайык билим берүү мекемелерин тандайт жана аларды «салык кызматынын кызматкерлерине адистештирилген программалар боюнча билим берүү мекемелеринин реестрине» киргизет.

Кененирээк маалыматты (0312) 51-26-23, 51-26-22 телефондору аркылуу алууга болот.

Белгилей кетсек, 2015-жылдан тартып Салык кызматынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн функционалдык милдеттери салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүү жана салык төлөөчүлөрдүн даттанууларын кароо болуп эсептелген кызматкерлеринин квалификациялык талаптарына кесиптик билим деңгээлин ырастоо бөлүгүндө кошумча талаптар киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий