• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

КР жана РФ кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган 16 документке кол коюлду

Экономика 0

Бишкек, 11.07.24. /Кабар/. 10-июлда Красноярк шаарында өткөн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-россия өкмөттөр аралык комиссиясынын 25-жыйыны жана Кыргызстан-Россия аймактар аралык XI конференциясынын жыйынтыгы боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, ошентип, эки өлкөнүн ортосунда төмөнкү документтерге кол коюлду:

1. Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-россия комиссиясынын 25-жыйынынын протоколу;

2. КР министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Мамлекеттик каттоо, кадастр жана картография Федералдык кызматынын ортосундагы Россиянын Кыргызстанга мамлекеттик кадастрдык баалоо системасын түзүү боюнча техникалык жардам көрсөтүүсү жөнүндө макулдашуу;

3. КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен РФ Красноярск крайынын өкмөтүнүн ортосунда кызматташтык орнотуу ниети жөнүндө меморандум;

4. КР президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратыны менен РФ Воронеж облусунун өкмөтүнүн ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык, социалдык-гуманитардык, маданий жана башка чөйрөлөрдө эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштарды ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу;

5. Баткен шаарынын мэриясы менен Красноярск шаарынын мэриясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум;

6. Красноярск шаарынын администрациясы менен Жалал-Абад шаарынын мэриясынын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

7. РФнын Владивосток жана КРнын Ош шаарларынын ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү жөнүндө макулдашуу;

8. КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, "Васта Дискавери" ЖЧКсы жана Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

9. КР Борбордук Сибирь Соода-өнөр жай палатасы (Красноярск крайы) менен Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

10. "Енисей Сибирин өнүктүрүү корпорациясы" КИД менен КР Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандум;

11. "Азия региондук Соода Уюму" ЖЧК менен "Ягудин" ЖЧКнун ортосундагы "Чувашторгтехника" ААКтын кондитердик фабрикасы үчүн жабдууларды сатып алууга макулдашуу;

12. РФ "Белое дерево" ЖЧК менен "Кыргызцентрпродукт" ЖЧКнун ортосунда жаңы, тоңдурулган жана кургатылган айыл чарба азыктарын жеткирүү боюнча жеткирүү келишими;

13. РФ "ТрансСибЛизинг" ЖЧК жана "Кыргызцентрпродукт" ЖЧК ортосунда жаңы, тоңдурулган жана кургатылган айыл чарба азыктарын жеткирүү боюнча жеткирүү келишими;

14. КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору мамлекеттик мекемеси, Фешен-индустриясынын катышуучуларынын орус ассоциациясы ("РАФИ" ЖЧК) жана "Евразиялык бизнес клуб" ишкерлер ассоциациясы" юридикалык жактардын ассоциациясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;

14. Фешен-индустриясынын катышуучуларынын орус ассоциациясы ("РАФИ" ЖЧК) менен "Кыргыз тигүү жумушчуларынын ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмеси ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;

15. 3000 тонна пияз жеткирүү боюнча келишим түзүү ниети жөнүндө макулдашуу;

16. "Рим" ЖЧКсы менен "Вилби" ЖЧКсынын ортосунда деңиз азыктарын жеткирүү боюнча келишим.

Пикир

Оставить комментарий