Бишкек, 15.01.25. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркиновдун Сауд Аравия Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради менен жолугушту.
Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу жана кызматташуу боюнча кыргыз-сауд өкмөттөр аралык биргелешкен комитетинин төртүнчү отурумунун жыйынтыктарын ишке ашырууну талкуулашты.
Келишимдик-укуктук базаны өнүктүрүү максатында тараптар эки тараптуу документтердин долбоорлорун макулдашуу жана кол коюу процессин тездетүүнү макулдашты.
Жыйынтыгында Кыргызстан менен Сауд Аравия Падышалыгынын ортосундагы саясий диалогду бекемдөө жана соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты активдештирүү үчүн зарыл болгон күч-аракеттерди жумшоого даяр экендиктерин тастыкташты.
Пикир
Оставить комментарий