• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Кыргызстан менен Тажикстан кыргыз-тажик чек ара сызыгынын өтүү долбоорунун сыпаттамасын аяктады

Саясат 0

Бишкек, 07.12.24. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүү долбоорунун сыпаттамасы аяктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Жетишилген макулдашууга ылайык, 2024-жылдын 1-декабрынан 7-декабрына чейин Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери жана топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүү долбоорунун сыпаттамасын жыйынтыктады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий