• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Кыргызстан профсоюздар федерациясында “Зордук-зомбулуксуз эмгек үчүн” аталышында тегерек стол өттү

Коом 0

Бишкек, 13.12.24. /Кабар/. Кыргызстан профсоюздар федерациясы “Зордук-зомбулуксуз эмгек үчүн” деген темада тегерек стол уюштурду. Иш-чара өндүрүштөгү зомбулукка жана куугунтукка каршы күрөшүүгө багытталган “Зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк” эл аралык кампаниясын аяктоо алкагында өттү.
Тегерек столго Жогорку Кеңештин депутаттары Айбек Мааткеримов, Марлен Маматалиев жана Советбек Рустамбек уулу, президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо бөлүмүнүн тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Камчыбек Досматов катышты. Ошондой эле, Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакова, Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн катчылыгынын өкүлдөрү, Маданият, маалымат, спорт жана министрлигинин эксперттери, башкы жана жетектөөчү адистери, Аялдар кеңешинин төрагалары, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү, эл аралык жана коомдук уюмдар катышты

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде уулу өндүрүштөгү зомбулук жана куугунтук кызматкерлердин укуктарын, кадыр-баркын жана жыргалчылыгын тебелеген эң олуттуу коркунучтардын бири экенин баса белгиледи.

«Акыркы айларда Кыргызстанда өз өмүрүн коомго кызмат кылууга арнаган мугалимдерге жана медицина кызматкерлерине карата психологиялык жана физикалык зомбулук фактылары үрөй учурарлык көп кайталана баштады. Бул көрүнүштөр ар күнү ден соолугун коргоп, улуттун келечеги үчүн эмгектенген адамдарга болгон сый-урматка шек келтирет",-деди ал.

Бирок жумушчулардын укуктарын коргоодогу маанилүү кадам Кыргызстандын Эл аралык эмгек уюмунун №190 “Эмгек чөйрөсүндөгү зордук-зомбулукту жана куугунтуктарды жоюу жөнүндө” конвенциясын ратификациялаганы болуп саналат. Бул конвенциянын алкагында профсоюздар федерациясынын так аткаруу механизмдери менен бир катар иштерди жүргүзүүдө, анын ичинде юридикалык инспекторлордун ыйгарым укуктарын кеңейтүү экендигин белгиледи.

Биздин 1229 ишеним телефонуна жабырлануучулардан чалуулар түшүп, жумушчуларга керектүү кеңештер берилген. Профсоюздар федерациясынын Жаштар кеңеши Балдардын укуктары боюнча комиссардын катчылыгы менен биргеликте Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаарларындагы мектептерде жеринде семинарларды өткөрүштү. 1000ден ашуун мектеп окуучулары эмгек укуктары жана зордук-зомбулуктар тууралуу маалымат алышты», - деп жыйынтыктады Мурадил Жумадилде уулу.

Иш-чарада Жогорку Кеңешинин депутаттары Айбек Мааткеримов, Марлен Маматалиев жана Советбек Рустамбек уулу профсоюздар федерациясынын демилгелерин колдоорун билдиришти. Алар азыркы учурдун актуалдуу көйгөйү көтөрүлүп жатканын, парламентарийлер өз деңгээлинде жумушчуларды коргоо механизмдерин алдыга жылдырууга даяр экенин белгилешти.

Ошондой эле, тегерек столдун катышуучулары өндүрүштөгү зомбулук көйгөйлөрүнө байланыштуу негизги маселелерди карап чыгып, аткарылган иштердин жыйынтыгын талкуулашты.

Белгилей кетсек, тегерек стол мындан аркы иш боюнча конкреттүү сунуштарды камтыган резолюцияны кабыл алуу менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий