• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстан Россияга жогорку сапаттагы айыл чарба продукцияларын экспорттойт

Экономика 0

Бишкек, 10.07.24. /Кабар/. Кыргызстандан Россияга жогорку сапаттагы айыл чарба продукциясы экспорттолот. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү келишимдерге бүгүн Красноярск шаарында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык комиссиянын 25-отурумунун жана XI аймактар аралык конференциянын алкагында эки өлкөнүн ортосундагы, анын ичинде айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Алар:

  • "КыргызЦентрПродукт" ЖЧК жана "Белое дерево” компаниясы ортосунда 50 млн сомго тоңдурулган мөмө-жемиштерди, жер-жемиштерди жеткирүү келишими;
  • "КыргызЦентрПродукт" ЖЧК жана "ТрансСибЛизинг" ЖЧК ортосунда 50 млн сомго тоңдурулган мөмө-жемиштерди, жер-жемиштерди жеткирүү келишими;
  • "Рим" ЖЧК менен "Вилби" ЖЧК ортосунда деңиз азыктарын жеткирүү келишими;
  • Борбордук Сибирь Соода-өнөр жай палатасы менен Баткен облусунун Лейлек районунун ортосунда 3 миң тоннадан ашык пияз жеткирүү келишими;

Белгиленгендей, бул келишимдер Кыргызстандан Россияга жогорку сапаттагы продукцияны үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыздайт, бул соода-экономикалык байланыштарды андан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого өбөлгө түзөт.

Пикир

Оставить комментарий