• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

Кыргызстан туризмдин өлкөсү боло алабы?

Коом 0

Акыркы кездерде Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү боюнча аракеттер байкалат. Туризм тармагын өнүктүрүү Кыргызстанда артыкчылыктуу багыттардын бири. Кыргыз Республикасы жогорку туристтик потенциалга ээ жана туризм тармагын ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн бир катар жагымдуу шарттар түзүлдү. Бул багытты өркүндөтүү үчүн 2022-жылы өкмөттүн алдында уставдык капиталы 1 млрд сомду түзгөн “Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” түзүлгөн. Фондго региондо туристтерди кабыл алуу үчүн инфраструктураны жакшыртуу, алыскы аймактарда кошумча жумуш орундарын түзүү, туризм тармагында кызматтардын сапатын жогорулатуу, турлардын географиясын кеңейтүү өндүү милдеттер коюлуп, алгылыктуу иштер жасалды.

Кыргызстанда туризм жигердүү өнүгүп, эл аралык аренада да тааныла баштады. Жакында эле америкалык журнал Караколду – Борбор Азиянын саякат борбору деп атады. Эмне үчүн Каракол? Теңир-Тоонун сүрдүү тоо кыркасынын этегиндеги Каракол жылдын бардык мезгилинде жигердүү эс алууну жактыргандарды өзүнө тартып турат: жайында — жөө жүрүштөр, кайыкта сүзүү, ат минүү жана параплан менен учуу. Кышында — эң сонун лыжа жолдору жана көздүн жоосун алган карлуу тоолор.

Журналда айтылгандай, эл аралык аэропорт ачылган соң Караколго жетүү кыйла жеңилдеди. Жай мезгили (июнь-сентябрь) треккинг жана экскурсиялар үчүн эң ыңгайлуу болсо, кышкы сезон (декабрь-апрель) карлуу жантаймалар спортту сүйгөндөрдү кубандырбай койбойт.

Condé Nast Traveler туристтерге кыргыз салттарын сезүү үчүн Happy Nomads Yurt Camp жана Arista Travel Yurt Camp сыяктуу боз үй лагерлерине токтоону сунуштайт. Караколдун дагы бир өзгөчөлүгү — анын көп улуттуу калкы. Бул жерде кыргыз, уйгур, өзбек, калмак, дунгандар жана орустар тынчтыкта жашап келишет. Шаардын символдору катары жыгачтан жасалган кооз үйлөр, 1907-жылы курулган Дунган мечити жана ашлян-фу тамагы көрсөтүлгөн.

Мындан сырткары, Кыргызстан Financial Times журналынын тандоосуна ылайык, дүйнөдөгү эң мыкты 50 эс алуучу жерлердин катарына кирди.

Эң уникалдуу сунуштардын бири Александра Толстаянын укмуштуу окуяларынан шыктанган Ат-Башынын кооз аймактарына ат минүү түрү болду.

Александра 1999-жылы Жибек Жолу менен 8000 чакырымдан ашык жолду ат менен басып өтүп, жүрөгү ушул жерде, Ат-Башыда түбөлүккө калганын жазган. Анын айтымында, бул жердин учу-кыйырсыз өрөөндөрү, топоздору, боз үйлөрү жана табияты суктандырат.

Ошондой эле мамлекет менен жеке инвесторлордун кызматташуусунда ишке ашырылып жаткан “Үч чоку” долбоору өзгөчө үмүт жаратат. Бул лыжа кластери элиталык кышкы эс алуу үчүн уникалдуу аянтча болуп калат.

Аталган кышкы эс алуу базасында долбоордун планына ылайык, 5, 4 жана 3 жылдыздуу мейманканалар, апартаменттер, административдик имараттар, курорттук-ден соолукту чыңдоо комплекси, балдарга арналган оюн-зоок борбору, бардык комплексти тейлөөчү техникалык имараттар, соода-оюн-зоок борборлору, боз үйлөрдөн жана глемпингден турган шаарчалар, мечит, сейил бак жана эс алуу зоналары, коноктор үчүн унаа токтотуучу жайлар курулат. Ал эми имараттардын жана курулуштар 6 кабаттан ашпайт.

Мындан сырткары, Кыргызстан 2030-жылга чейин туризмди туруктуу өнүктүрүү программасын ишке киргизүүдө.

Программа министрлер кабинетинин токтому менен бекитилип, 2030-жылга чейин ишке ашырылуучу тогуз артыкчылыктуу багытты камтыйт.

Программадан күтүүчү негизги максаттар:

  • Кыргызстанды Дүйнөлүк экономикалык форумдун туризм жана саякат жаатындагы атаандаштык индексинде алдыңкы 50 өлкөнүн катарына киргизүү;
  • туризмдин өлкөнүн ИДПсындагы үлүшүн 7% га жеткирүү;
  • чет элдик жана жергиликтүү туристтердин санын жыл сайын 10% га көбөйтүү:
  • эл аралык тоо туризминин коопсуздук рейтингинде 70 жана андан жогору баллга жетүү.

Программа туристтик тармакты өнүктүрүү менен гана чектелбестен, региондордун экономикалык өсүшүнө, Кыргызстандын уникалдуу табияты менен маданий мурастарын сактоого жана өркүндөтүүгө да багытталган.

2024-жылдын 9 айында Кыргызстанга 3 млн 280,7 миң турист келген. Бул убакытта Кыргызстанга келген туристтер 807,7 млн доллар коротушкан. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 0,1 пайызга көп.

Ал эми кыргызстандыктар чет өлкөлөрдө эс алууга тогуз айда 427,4 млн доллар сарпташкан. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 5,1 пайызга, башкача айтканда, 20,8 млн долларга өскөн.

Уникалдуу жаратылыштын, амбициялуу долбоорлордун жана мамлекеттик колдоонун айкалышы Кыргызстанда туризмдин өнүгүшү үчүн бекем негиз түзөт. Өлкөнүн Борбор Азияда туризм боюнча лидер болуп, эл аралык деңгээлге чыгууга толук мүмкүнчүлүгү бар.

Акназик Тургунбаева, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий