Кыргызстан өзүнүн келечегин куруп жатканына күбө болуудабыз – Катар элчиси

Коом 0

Бишкек, 05.06.24. /Кабар/. "Биз Кыргызстан өзүнүн келечегин кандай куруп жатканына күбө болуудабыз", - деди Катардын Кыргызстандагы элчиси Али Джабер Мохаммед Гуфран Аль Марри Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев менен болгон жолугушууда.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар "Кабар" маалымат агенттиги менен Катар элчилигинин ортосундагы кызматташтык маселесин талкуулашты.

Медербек Шерметалиев элчини агенттиктин иши менен тааныштырып, "Кабар" агенттиги менен Катар маалымат агенттигинин (QNA) ортосунда жаңылыктар менен алмашуу жаатында көп жылдык кызматташтык бар экенин айтып берди.

Өз кезегинде Катар элчиси "Кабар" маалымат агенттиги Кыргызстандагы алдыңкы агенттиктердин бири экенин жана элчилик көпчүлүк учурда ишенимдүү булак катары маалыматтарды аталган маалымат агенттигинен аларын белгиледи.

Ошондой эле дипломат элчилик Кыргызстандын бардык мамлекеттик түзүмдөрү менен иштешүүнү пландап жатканын жана 87 жылдык тарыхы бар өлкөнун тажрыйбалуу маалымат агенттиги менен кызматташуу сыймык экенин белгиледи. "Биз сиздер менен иштешүү аркылуу Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошууга даярбыз. Азыр биз Кыргызстан өзүнүн келечегин кандай куруп жатканына күбө болуудабыз. Кыргызстан алдындагы бардык кыйынчылыктарды жеңип, коюлган максаттарына жетерине ишенебиз. Биргелешкен аракеттерибиз менен эки дос өлкөнүн ортосундагы мамиленин мындан ары өнүктүрүүгө салым кошо алабыз. Кыргызстандын келечеги кең", - деди элчи.

Элчи Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып жатып Катардагы көпчүлүк туристтер Кыргызстанга келүүгө кызыкдар экенин, бул жылы алардын саны көбөйөрүнө ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий