• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда “туристтин паспорту” жаңы системасы ишке кирет

Коом 0

Бишкек, 12.04.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. КРнын Туризм департаменти жакында International Travel ID башкача айтканда, “туристтин паспорту” аттуу жаңы системаны ишке киргизет. Бул тууралуу аталган департаменттин директору Максат Дамир уулу өзүнүн Facebook баракчасына жазган.

Анын айтуусу боюнча, Кыргызстанга келген ар бир туристтке өлкөнүн чек арасындагы көзөмөл пунктунан QR коду бар атайын карта берилет. Ал кодду туристтер өзүнүн телефонуна сканирлеп, ал турист автоматтык түрдө Туристтик маалымат борборуна (ТМБ) түшөт. Ал жерден Кыргызстан жана анын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу ар кыл маалымат ала алат. Андан тышкары кызмат көрсөтүүчү мекемелердин программасы аркылуу туроператор, мейманкана, кафе-ресторандардын, такси, банк жана башка кызматтарды колдоно алышат.

“Эң маанилүүсү Кыргызстанга келген туристтер ар кыл өзгөчө кырдаалдарга туш болгон учурда бизге ошол система аркылуу билдире алышат”, - дейт Максат Дамир уулу.

Пикир

Оставить комментарий