• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Кыргызстан Өзбекстандан курулуштун бардык этабын камтыган электрондук система сатып алууну пландоодо

Коом 0

Ташкент, 03.05.24. /Кабар/. Кыргызстан Өзбекстандан курулуштун бардык этаптарын – баштапкы документтерди кабыл алуудан баштап курулушту бүткөрүүгө жана ишке киргизүүгө чейин камтыган электрондук системаны сатып алууну пландоодо. Бул тууралуу журналисттерге КР Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстан бул системаны мындан эки жыл мурда 50 млн долларга киргизген. Бүгүнкү күндө система ийгиликтүү колдонулуп, пайдалуу экенин көрсөттү.

"Аталган система адам факторунун жана коррупциялык элементтердин кийлигишүүсүз иштөөгө мүмкүндүк берет. Ал курулуштун жүрүшун толук көзөмөлдөөгө мумкүндү берет. Учурда бул системаны Кыргызстанга киргизүү боюнча өзбек тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Долбоордун алдын ала баасы 2 миллион долларды түзөт. Белгилей кетсек, система өзүн-өзү актап, жакынкы аралыкта мамлекеттик бюджетке киреше алып келет", - деди ал.

Орунтаев бул системаны болжолдуу түрдө 2025-жылы ишке киргизүү пландалып жатканы кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий