• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте туристтик фестиваль өттү

Коом 0

Бишкек, 29.05.23. /Кабар/. Бишкектеги Эмен багында туристтик фестиваль өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Фестивалдын жүрүшүндө оюн-зоок, мастер-класстар, гастрономиялык программа, туризм тармагынын катышуучулары үчүн көргөзмө жана шоу-программа өткөрүлдү.

Фестиваль Кыргызстандын туризм тармагынын бардык катышуучуларынын бизнес менен таанышуусуна мүмкүнчүлүк түздү. Ал туроператорлорду, кол өнөрчүлөрдү, конок үйлөрдүн жана мейманканалардын өкүлдөрүн, туристтик кызмат тейлөөчүлөрдү, ошондой эле ар кандай этникалык шоу программаларды чогултту.

Иш-чара 2023-жылкы туристтик сезондун башталышы үчүн чоң түрткү болду.

Фестивалдын максаты - ички туристтик продуктыларды өнүктүрүү, туроператорлор менен кызматташуу аркылуу жергиликтүү кызмат көрсөтүүчүлөргө колдоо көрсөтүү, ошондой эле Бишкекти туристтик аймак катары өнүктүрүү болуп саналат.

Фестивалда Кыргызстандын туристтик рыногунун 100дөн ашык активдүү катышуучулары тааныштырылды.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясы, Кыргызстандын туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду, КР Туризм департаменти жана SunHouse Team агенттиги тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий