• 87
  • 90.59
  • 0.87

Кыргызстан жана Камбоджа ТИМдеринин ортосунда саясий консультациялар өттү

Саясат 0

Бишкек, 14.11.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Кыргызстан менен Камбоджа Королдугунун Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда экинчи саясий консультациялар өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, саясий консультациялар тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жана Камбоджа Королдугунун Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрлигининин Мамлекеттик катчысынын орун басары Сом Визалдын деңгээлинде өттү.

Консультациялардын жүрүшүндө эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелери талкууланды, атап айтканда, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу жолу менен саясий диалогду кеңейтүү, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү. Келишим-укуктук базаны кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында кызматташуу маселелери каралып, актуалдуу эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө жемиштүү кызматташтыкты арттырууга даярдыгын көрсөтүштү.

Маалымат үчүн: Эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы биринчи саясий консультациялар 2019-жылдын 18-сентябрында Бишкек шаарында өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий