• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Кыргызстанда 1,5 миңге жакын комбайн дан эгиндерин оруп-жыйноо иштерине даяр

Коом 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Кыргызстанда өлкө боюнча 1 950 дан комбайндын 1 453ү оруп-жыйноо иштерине даяр. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл, Нарын, Баткен жана Чүй облустарында дан комбайндарга болгон жумуштун көлөмүнүн жогору болгондугуна байланыштуу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте оруп-жыюу өнөктүгүндө комбайндарды дан эгиндеринин бышып жетилүүсүнө жараша аймактарга бирдей бөлүштүрүү боюнча мобилизациялоо иштери жүргүзүлүүдө.

Оруп-жыюу өнөктүгүндө Чүй облусуна Ысык-Көл, Нарын облустарынан 150дөн ашык дан комбайндары тартылаары пландалууда. Өлкөнүн түштүк аймагындагы оруп-жыюу өнөктүгүнө жалпы 400гө жакын комбайндары даяр, анын ичинен 100гө жакыны тоо этегиндеги дыйканчылык зоналарына тартылат.

Белгиленгендей, 2024-жылы 1 комбайнга 253,4 гектар жердеги дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери туура келет. Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Суусамыр өрөөнүндө өнөктүк август айында башталып, октябрь айында жыйынтыкталат.

Эскерте кетсек, 13-июнда республикада алгачкылардан болуп Баткен облусунда дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери башталган.

Пикир

Оставить комментарий