• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Азан айтуу боюнча жарыш өтүп, жеңүүчүгө Умра сапарына жолдомо берилет

Коом 0

Бишкек, 10.04.19. /Кабар/. 27-апрель күнү азанчылардын республикалык мелдеши болуп өтөт. Баш байге ээсине Умра сапарына жолдомо берилет. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Муфтият билдиргендей, мелдеш имам Сарахси атындагы республикалык борбордук мечитте өтөт.

Мелдеш күнү өлкө аймагынан тандалып алынган 27 азанчы жарышат.

"Азанчылар арасында өтүп жаткан мелдеш өлкөбүздө алгачкы жолу уюштурулуп жатат. Республикалык тандоо турунда 3 жеңүүчү аныкталат. Буга чейин, биз ар бир облустан үчтөн жеңүүчүнү аныктап, республикалык мелдешке жолдомо ыйгарганбыз", - дейт уюштуруу тобунун жетекчиси Арыпбек Айтбаев.

Эскерте кетсек, азанчылардын мелдеши Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана "Мухаммад-Умар-Ош" коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулууда. Мелдеш былтыр ноябрь айында башталып, ушул жылдын 27-март күнү облустук тандоо туру өткөн. Бул сынакка жалпысынан 500 азанчы катышып, республикалык мелдешке 27 талапкер жолдомо алган.

Пикир

Оставить комментарий