• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Кыргызстанда 1-класска 126 миңден ашык бала катталды

Билим 0

Бишкек, 28.08.24. /Кабар/. 28-августка карата республика боюнча балдарды мектепке кабыл алуунун бирдиктүү маалыматтык системасы аркылуу 126 миң 578 бала 1-класска катталды.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, ушул тапта эң көп Ош облусунда – 24 миң 459 бала, Жалал-Абад облусунда – 24 миң 80, Чүй облусунда – 22 миң 107, Бишкек шаарында – 16 миң 738 жана Баткен облусунда – 12 миң 110 катталды.

Учурда 30-августка чейин анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) mektep.edu.gov.kg платформасында мектеп жашына жеткен балдарды (6-7 жаш) онлайн каттоо жүрүүдө.

Эскерте кетсек, балдарды платформага ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр каттай алат.

Пикир

Оставить комментарий