• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Кыргызстанда 150 миң турак жай камсыздандырылды

Коом 0

Бишкек, 25.09.24. /Кабар/. Кыргызстанда 150 миң турак жай камсыздандырылды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Бактыгул Абдыжалиев билдирди.

Анын айтымында, турак жайларды камсыздандыруу боюнча биринчи орунда Жалал-Абад облусу, андан кийин Ош, Талас, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустары турса, Чүй менен Бишкек активдүүлүгү жагынан эң төмөнкү көрсөткүчтү көрсөтүүдө.

Абдыжалиев кыймылсыз мүлктү камсыздандыруу калктын коопсуздугун жана табигый кырсыктардын кесепеттерине туруктуулугун камсыз кылуу үчүн зарыл чара болуп саналарын баса белгиледи.

“Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан 2024-жылдын аягына чейин бардык үйлөрдү, анын ичинде кооптуу зонада жайгашкан үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасы коюлду. Азыр тиешелүү мамлекеттик органдар менен иш алып барып жатабыз. Алгач турак жайды камсыздандыруу боюнча мыйзам 2015-жылы кабыл алынып, 2016-жылдын февраль айынын баштап бул милдеттүү түрдө болуп белгиленген. Ар бир жаран турак жайы болсо, аны камсыздаш керек”, - деди ал.

Абдыжалиев белгилегендей, өлкө боюнча 8 жылдын ичинде 12% турак жайды камсыздандырууга жетишилди. Жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, маалыматтар берилүүдө.

“Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, учурда Кыргызстанда 1 млн 370 турак жай болсо, Кадастрдын расмий маалыматы боюнча 1 млн 230 миң турак жай бар. Бүгүнкү күндө ошонун ичинен 150 миң турак жай камсыздандыруудан өттү. Бул 12 пайыздан бир аз ашканы менен, аз болууда. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин жергиликтүү бийлик, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен биргеликте аймактарда иш алып баруу боюнча пландарды түздүк”, - дейт Абдыжалиев.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянсак, Кыргызстанда 2024-жылдын сентябрь айына карата 331 сел катталып, жаратылыш кырсыгынын кесепетинен 5 миң 354 үй жабыркаган. Анын ичинен 102си бузулуп, 138и капиталдык оңдоого муктаж. Ошондуктан камсыздандыруу адамдардын жаратылыш кырсыктарынан чыгымдарын жабууга жана мамлекеттик бюджеттин жүгүн азайтууга жардам берүүчү маанилүү курал болуп калат.

Пикир

Оставить комментарий