• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Кыргызстанда 152,1 миң га жерге күздүк кылкандуу дан эгиндери себилди

Экономика 0

Бишкек, 17.12.24. /Кабар/. Кыргызстанда 16-декабрга карата 2025-жылдын түшүмү үчүн республика боюнча 152,1 миң га жер аянтка күздүк кылкандуу дан эгиндери себилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул 2023-жылга салыштырмалуу 1,5 миң га жерге көп.

Анын ичинен күздүк буудай 144,6 миң га аянтка себилген, бул өткөн жылга караганда 3,2 миң га көп. Ал эми күздүк арпа болгону 8,6 миң га жерге себилген, бул 2023-жылга салыштырмалуу 0,6 миң га аз.

Облустар боюнча алганда:

  • Ысык-Көл облусунда күздүк буудай 10,2 миң га;
  • Баткен облусунда 6,1 миң га;
  • Талас облусунда 7,1 миң га;
  • Чүй облусунда 86,4 миң га;
  • Жалал-Абад облусунда 16,1 миң га;
  • Ош облусунда 18,8 миң га.

Жалпысынан пландаштырылган 201,4 миң гектардын 152,1 миң гектарында себүү иштери жүргүзүлүп, бул жалпы пландын 75,5% түздү.

Белгилей кетсек, Ош жана Баткен облустарында күздүк кылкандуу дан эгиндерин себүү иштери жогорку темпте жүргүзүлүп, 2023-жылдагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу Баткен облусунда себүү аянты 18,4%га, ал эми Ош облусунда 8,7%га көбөйдү.

Пикир

Оставить комментарий