• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

2023-жылдын III кварталында мамсатып алуу кызматтарынын суммасы 92 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. 2023-жылдын 3-кварталында мамлекеттик сатып алуулар боюнча сатып алуучу уюмдар тарабынан жалпысынан 98 миң 654 товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр жана консултациялык кызматтардын жалпы суммасы 92 млрд сомду түздү.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен жалпы суммасы 43,4 млрд сомдук 65 миң 711 сатып алуу ийгиликтүү аяктады.

Алар:

  • 31,2 млрд сомдук товарлар;
  • 10,001 млрд сомдук жумуштар;
  • 2,1 млрд сомдук кызмат көрсөтүүлөр;
  • 0,021 млрд сомдук консультациялык кызматтарды сатып алуулар.

Финансы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар департаменти тарабынан 2023-жылдын 1-январынан 30-сентябрына чейинки аралыкта 126 сатып алуучу уюмга 1 млн 555 миң сом айып санкциялары салынып, анын 940 миң сому төлөнгөн.

Пикир

Оставить комментарий