• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Кыргызстанда 16 күндүк компаниянын алкагында зомбулуктун 200 учуру катталды

Коом 0

Бишкек, 10.12.24. /Акназик Тургунбаева-Кабар/. Кыргызстанда зордук-зомбулукка каршы кампаниянын алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө 200дөн ашуун үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталды. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн жыйында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Гайрат Рахманов билдирди.

Анын айтымында, зордук-зомбулукка каршы кампаниянын алкагында, жашы жете электер менен түнкү убакта чоңдордун коштоосуз жүрүүсүнө байланышкан тобокелдиктер жөнүндө профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү .

"Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу өнөктүгүнүн алкагында бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Өлкөнүн ар бир облусунда, районунда бул акция активдүү өткөрүлдү. Ошондой эле, зордук-зомбулукка каршы кампаниянын алкагында, жашы жете электер менен түнкү убакта чоңдордун коштоосуз жүрүүсүнө байланышкан тобокелдиктер жөнүндө профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Рейддин жүрүшүндө жашы жете элек 150 бала аныкталды, алар саат 22:00 дөн кийин чоңдордун коштоосу жок коомдук жайларда болушкан. Жашы жете электер менен түнкү убакта чоңдордун коштоосуз жүрүүсүнө байланышкан тобокелдиктер жөнүндө профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Мындан сырткары, мектептерде баңгизаттарды колдонуу боюнча лекциялар өткөрүлдү. Ошондой эле кампаниянын алкагында Бишкекбир катар иш-чаралар өткөрүлүп, ага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана 300гө жакын окуучу катышты. Мындан сырткары, 200дөн ашуун үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталып, аларга коргоо ордери берилип көзөмөлгө алынды. Ал эми 224 кишиге атайын протокол түзүлүп, сотко өткөрүлүп берилди”,-деп белгиледи ал.

Белгилей кетсек, өлкөдө аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун алдын алууга жана жоюуга чакырган 16 күндүк гендердик зомбулукка каршы активдүүлүк акциясы өттү. Жыл сайын жүргүзүлүүчү глобалдык акция 25-ноябрь – Аялдарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу күнү башталып, 10-декабрь Адам укуктарынын эл аралык күнүнө чейин уланды.

Пикир

Оставить комментарий