• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда 18-июлдан 22-июлга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 16.07.24. /Кабар/. Кыргызстанда 18-июлдан 22-июлга чейин туруксуз аба ырайы жана нөшөрлүү жаан-чачын күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызгидрометр кызматынын билдирүүсүнө таянуу менен маалымдады.

Бир жуманын алдын ала айтылган аба ырайына байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Мындан улам ӨКМ жарандарга сак болууну эскертти.

Эске алчу коопсуздук эрежелери:

- арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
- турак үй жайгашкан жерде жаан суулары агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;
- Үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;
- сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;
- мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.

Пикир

Оставить комментарий