• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Россияда болжол менен 650 миңдей кыргыз мигранты эмгектенет

Коом 0

Бишкек, 27.11.18. / Кабар/. Учурда Россияда 650 миңдин тегерегиндеги кыргыз эмгек мигранты иштейт. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Алмазбек Асанбаев “Кыргызстандын эмгек мигранттарына ким пенсия төлөйт” аттуу теманы эксперттик талкуу маалында билдирди.

Анын айтымында, чет жердеги эмгек мигранттарынын саны жыл мезгилине жараша болот. Мисалы, азыр кыш мезгилинде Россия Федерациясынын аймагында болжол менен 650 миң кыргызстандык иштеп жатат.

“Жазында кеткендер көбөйө турганын эске алуу керек. Орточо эсеп менен мигранттардын саны 630-670 миң кишинин тегерегинде болууда. Казакстанда эмгектенген мекендештерибиздин саны 115 миң кишини түзөт. Белгилей кетсем, Казакстанда иштеген кыргызстандыктар негизинен ишкерлик менен алектенет, башкача айтканда өзүнүн бизнесин жүргүзөт”, - деди Асанбаев.

Пикир

Оставить комментарий