Бишкек, 16.01.25. /Кабар/. Маркалоо системасы ишке киргенден бери Мамлекеттик салык кызматы күйүүчү майларды маркалоо боюнча оператор “Учкун” ААКсы менен биргеликте 188,6 миң тонна бензин жана дизель майын маркировкалаган.
Мекеменин маалыматы боюнча, 117,1 миң тонна бензин жана 71,5 миң тонна дизель майы маркаланган.
2024-жылдын декабрь айында күйүүчү майларды милдеттүү маркировкалоо киргизилгенден бери 585,5 млн сом акциздик салык түшкөн, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 51,6%га көп.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 1-октябрынан тарта Кыргызстанда импорттолуучу жана өлкөдө өндүрүлгөн бензин менен дизель майына молекулярдык маркерлерди колдонуу менен милдеттүү маркировкалоо киргизилген.
Эске салсак,, 2025-жылдын 1-январынан тарта маркасы жок бензин жана дизель майын жүгүртүүгө тыюу салынат.
Пикир
Оставить комментарий