• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда 2022-жылга чейин электр энергиясына болгон тариф жогорулабайт

Экономика 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда электр энергиясына болгон тариф жогорулабайт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ведомство башчысынын президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушуусунда учурдагы тарифти калк үчүн 2022-жылдын апрелине чейин өзгөртүүсүз калтыруу чечими кабыл алынган. Башкача айтканда, 1 кВт саат үчүн 77 тыйын. Ал эми 700 кВт сааттан жогору 2 сом 16 тыйын. Тоолуу аймактардын жашоочулары үчүн мурда коюлган 1000 кВт саат лимити алынып салынды.

Министрликтен кошумчалашкандай, турак жай эмес керектөөчүлөр үчүн тарифтер кайра каралып чыгат.

Пикир

Оставить комментарий