• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нарындан Кытайга жылына 100 миң тоннадан көмүр экспорттолот

Экономика 0

Бишкек, 11.10.23. /Кабар/. Нарындан Кытайга жылына 100 миң тоннадан көмүр экспорттолот. Бул тууралуу президенттин өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ аймакта инвестициялык форум өтүп, анын катышуучулары Миң-Булак айыл өкмөтүнүн Эмгекчил айылындагы "Кур-Терек" участкасына курула турган көмүр базасынын долбоору тааныштырылды.

"Бул жерде "Теңир-Тоо Инвест Ко" ЖЧКсы тарабынан 9,5 гектар жер аянтына чет элдик инвесторлор менен биргеликте көмүр базасы курулуп, Миң-Куштан тартылып келинген көмүр Кытай мамлекетине экспорттолот", - деп айтылат маалыматта.

Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Болоткан Баяке уулу билдиргендей, келишим 5 жылга түзүлгөн. Курулуш жеңил конструкция менен курулуп, жылына 100 миң тонна көмүрдү экспорттоо пландалууда. "Ошол эле учурда келишимде 500 тоннага чейин жергиликтүү калкты көмүр менен өз баасында жана аз камсыз 50 үй-бүлөнү көмүр менен акысыз камсыздоо каралган", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий