• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте финансы жарманкеси өтөт – дареги жана убактысы

Экономика 0

Бишкек, 24.10.19. /Кабар/. Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк аманат күнүнүн алкагында финансы жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Жарманке 29-октябрда "Дордой Плаза" соода түйүнүндө саат 12:00дө башталат.

Келген конокторго:

- банк, микрокаржылоо, камсыздандыруу, инвестициялык товарлардын көргөзмөсү;

- каржылык сабаттуулук туурасында тренингдер жана сабактар. Жарнамалык иш-чаралар жана маркетинг тармагын туура пайдалануу;

- каржы сабаттуулугу боюнча көз карандысыз кеңеш. ЖОЖдордун жогорку курстарынын студенттеринин кеп-кеңештери;

- Жаштарга каржылык сабаттуулук боюнча "Аманат" оюну көрсөтүлөт;

Иш-чаранын максаты жарандарга каржылык маселени туура чечүүгө, аны пландоого жана туура колдонууга үйрөтүү.

Пикир

Оставить комментарий