Бишкек, 17.09.24. /Кабар/. Кыргызстанда агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу 5 багыты аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Белгиленгендей, аталган 5 багыт президент Садыр Жапаровдун “Агроөнөр жай комплексин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгына ылайык аныкталды. Ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө жана жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдалануу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтор түзүлүп, жооптуу жетекчилер дайындалды.
Артыкчылыктуу 5 багыт боюнча төмөндөгүдөй иштер мерчемделүүдө:
1. Ирригация
- 2028-жылга чейин 106 бассейн (БСР, БДР), резервуарларды куруу, аларда 987 млн куб метр сууну топтоо, 223,7 миң га айдоо жерлерин сугат суу менен камсыздоо4
- 1 800 суу скважиналарын калыбына келтирүү, 120 насостук станцияларды оңдоо;
- 200 миң га аянтка тамчылатып сугаруу системасын орнотуу жана бул иш-чараларга 407 млрд сом каражатты сарптоону пландоо.
2. Үрөн, көчөт, урук менен камсыздоо
- 2028-жылга чейин 38 миң тонна жогорку сапаттуу үрөндөрдү өздүк өндүрүштүн эсебинен, же керектөөнүн 30 пайызын камсыздоо;
- 20 млн сапаттуу көчөттөрдү даярдоо жана 2025-жылга чейин 5 жаңы питомниктерди уюштуруу;
- өлкөнүн климатына ылайыкташкан өсүмдүктөрдүн 10 сортун аныктоо жана өстүрүү;
- малдын 10 породасын аныктоо жана лизинг программасына жеңилдетилген шартта сатып алууну киргизүү;
- 200 миң уйду жасалма жол менен уруктандыруу;
- 2030-жылга чейин ар бир уйдан 5 миң литрден сүт саап алуу;
- ар бир районда тоют даярдоо базаларын уюштуруу.
3. Кайра иштетүү, азык-түлүк коопсуздугу, кооперация жана МТС
- 2040-жылга чейин өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнүн көлөмүн 50 пайызга жеткирүү;
- 20 соода-логистикалык борбор түзүү;
- эл аралык стандартка ылайыкташкан 20 мал сою пункттарын уюштуу;
- 2030-жылга чейин 9 негизги азык-түлүк азыктары менен республиканын калкын толук камсыздоо;
- 2030-жылга чейин 424 кооперативдерди уюштуруу жана аларга 13,6 миң га мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү;
- райондордо 40 МТС уюштуруу, техниканын лизингин уюштуруу жана ага 35,6 млрд сомду сарптоону пландоо.
4. Экспорт
- 2030-жылга чейин айыл чарба азыктарынын экспортун 2 эсе көбөйтүү;
- жогорку кирешелүү 60 продукцияны экспорттоо;
- эл аралык стандартты киргизген өндүрүштүк ишканаларды 2 эсе көбөйтүү;
- 650 балык өнөр жай ишканаларын түзүү;
- балык продукциясынын экспортун 105 миң тоннага жеткирүү;
- азыктарды таңгактоо, маркировкалоо иштерин жана өлкөлөр ортосунда мультимодалдык ташууларды уюштуруу.
5. Илим, окутуу, тажрыйба алмашуу, технологияларды киргизүү
- алдыңкы, прогрессивдүү, инновациялык технологияларды өндүрүшкө киргизүү;
- азыктарды даярдоо, сорттоо, таңгактоо, маркировкалоо, сертификаттоо, сактоо, транспортировкалоо процесстерин жакшыртуу;
- азыктарды бирдей формада жана көлөмдө даярдоо;
- малды уруктандыруу адистерин даярдоо боюнча окутуу иштерин туруктуу жүргүзүү;
- Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунда 7,5 млн АКШ долларына молекулярдык-генетикалык лаборатория уюштуруу;
- 17,5 млн сомго асыл-тукум өндүргүч букаларын сатып алуу.
Жарлыкты ишке ашыруу төмөнкү өзгөрүүлөрдү камсыздайт:
– ирригация тармагында суу топтоочу бассейндер ишке берилет, скважиналар калыбына келтирилет, насостук станциялар оңдолот жана сугат жер аянттарынын суу менен камсыздоосу жакшыртылат;
– айыл чарба тармагында сапаттуу үрөндөр, көчөттөр, асыл-тукум малдын уруктары менен камсыздоо жакшыртылат, өндүрүш көрсөткүчтөрү өсүү жолуна түшөт;
– жаңы кайра иштетүү ишканалары түзүлөт, жаңы кооперативдер, МТС түзүлөт жана жаңы жумушчу орундары түзүлөт, продукцияны кайра иштетүү көлөмү жогорулайт (50 пайыз), ирилештирүү процесси жүргүзүлүп, ири-товардык өндүрүш калыптанат;
– өндүрүшкө алдыңкы, прогрессивдүү, инновациялык технологиялар киргизилет, окуулар өткөрүлүп, дыйкан-фермерлердин билим денгээли жогорулайт.
Пикир
Оставить комментарий